• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанга 100 миң дозадан ашуун Moderna вакцинасы алып келинет

COVID - 19 0

Бишкек, 01.08.22./Кабар/. Кыргызстанга 2022-жылдын үчүнчү кварталында COVAX программасынын алкагында 100 миң 800 доза Moderna вакцинасы алып келинет. Бул тууралуу "Биринчи радионун" эфиринде Иммундук алдын алуу республикалык борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтуусуна караганда, ошондой эле Pfizer вакцинасынын 100 миң 600 дозасын алып келүү пландалууда.

"Вакциналар июнда эле келиши керек болчу, бирок транспорт-логистикалык көйгөйлөргө байланыштуу жүк кармалган", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий