• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргызстанда бир суткада 321 адамдан COVID-19 табылып, 6 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 09.05.21. /Кабар/. Кыргызстанда 9-майга карата коронавирус дагы 321 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 221, Ош шаарында – 7, Чүй облусунда – 54, Талас облусунда – 1, Нарын облусунда – 11, Ысык-Көл облусунда – 20, Жалал-Абад облусунда – 7 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 292 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 183, Ош шаарында – 4, Чүй облусунда – 75, Ош облусунда – 3, Талас облусунда – 4, Жала-Абад облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 12, Баткен облусунда – 3 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 5, Чүй облусунда – 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 653 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 514 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 110 бейтаптын абалы орто оордукта, 458 адамдын абалы оор жана 85 бейтап өтө оор абалда жатат.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 488 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 417 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 98 миң 400 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 91 миң 559 киши айыгып чыкса, 1 миң 655 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий