• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигинде "Эне тилим - байлыгым" аттуу иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 20.09.24. /Кабар/. Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигинде "Эне тилим - байлыгым" аталыштагы иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Иш-чара КР президентинин "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу максатында жана Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамынын 35 жылдыгына карата уюштурулду.

Ага элчи Эрлан Абдылдаев баштаган элчиликтин кызматкерлери жана Душанбе шаарында жашаган кыргыз жарандары жана студенттер катышты.

Абдылдаев мекендештерди мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, мамлекеттик тилдин маанилүүлүгүнө басым жасоо менен ар бир инсан өз эне тилин кадырлашы керек экендигин белгиледи.

Иш-чарада катышуучуларга мамлекеттик тил жөнүндө фото, видео материалдар көрсөтүлдү. Мындан тышкары, жарандар тарабынан кыргыз тили жөнүндө ырлар, "Манас" эпосунан үзүндү айтылып, Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" чыгармасынан кыскача үзүндү аткарылды.

Пикир

Оставить комментарий