• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Биринчи айым Айгүл Жапарова мурдагы күйөөсү тарабынан бычакталган Аселден кабар алды

Коом 0

Бишкек, 07.11.23. /Кабар/. Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова бүгүн бир нече убакыт мурун коомчулукту нес кылган, мурдагы күйөөсү тарабынан мыкаачылык менен бычакталып, бети-башы кескиленген Асел Ногойбаевадан кабар алды. Бул тууралуу биринчи айымдын социалдык тармактагы расмий баракчасында маалымдалат.

"Кыздарыбыз кайсыл жерде болбосун өздөрүн коопсуз сезиши керек. Башынан азаптуу күндү өткөргөнүнө карабай Асел кайраттуу, жаркылдаган мыкты мүнөзү бар кыздарыбыздын бири экен. Белегиң үчүн чоң рахмат! Бардыгы жакшы болот!", - деп жазды биринчи айым.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 20-сентябрында милиция Чүй облусунун Сокулук районундагы Селекция айылында аялын бычактоого шектелген 39 жаштагы жаранды кармаган. Шектүү аялынын мурдун, кулактарын кесип салган.

Чүй облустук милициясынын маалыматына караганда, бычакталып ооруканага түшкөн аял мурда күйөөсүнө каршы эки жолу арыз жазган.

Биринчиси 2022-жылдын сентябрында, экинчиси 2023-жылдын 31-январында.

Сокулук райондук сотунун чечиминин негизинде шектүү 2023-жылдын 20-ноябрына чейин камакка алынды.

Пикир

Оставить комментарий