• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Акылбек Жапаров Германиянын Гамбург шаарына жумушчу сапары менен келди

Өкмөт 0

Бишкек, 07.11.23./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Германия Федеративдүү Республикасынын Гамбург шаарына жумушчу сапары менен келди.

Жумушчу сапарынын алкагында Акылбек Жапаров Кыргыз-Герман ишкерлер кеңешинин экинчи жыйынына жана «Гамбург шаарындагы Кыргызстандын экономика күнү» бизнес-форумуна катышат, ошондой эле Гамбург шаарынын Сенатынын Президенти, биринчи мэри Петер Ченчер менен жолугушмакчы.

Бизнес-форумга Кыргызстан менен Германиянын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышат. Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча келишимдерге кол коюлат.


Маалымат үчүн: Кыргыз-Герман ишкерлер кеңеши 2022-жылдын март айында түзүлгөн. Ишкерлер кеңешинин төрагалары – кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров жана герман тараптан Кыргыз Республикасынын Гамбург шаарындагы ардактуу консулу Карл-Хуго Эрнст Элердинг саналат.

Ишкерлер кеңешинин биринчи отуруму 2022-жылдын 13-июнунда Бишкек шаарында өткөн. Экинчи кеңешме 2023-жылдын 8-ноябрында Гамбург шаарында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий