Бишкек, 17.05.24. /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17-18-майда күтүлүп жаткан локалдуу нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Пикир
Оставить комментарий