• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 23.07.24. /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, 23-26-июль күндөрү күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын төмөнкү тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү күтүлөт:

  • Баткен облусунун Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда,
  • Жалал-Абад облусунун Сузак, Ала-Бука, Аксы, Токтогул, Ноокен райондорунда;
  • Ош облусунун Кара-Кулжа, Өзгөн, Ноокат, Алай жана Кара-Суу райондорунда;
  • Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондорунда;
  • Чүй облусунун Аламүдүн, Ысык-Ата, Чүй жана Кемин райондорунда;
  • Нарын облусунун Нарын, Жумгал, Ат-Башы райондорунда;
  • Талас облусунун Ч.Айтматов, Бакай-Ата жана Талас райондорунда;
  • Ош шаарынын аймактарында.

Пикир

Оставить комментарий