• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Кыргызстанда беш жыл ичинде 146 миң жаран аты-жөнүн өзгөрткөн

Коом 0

Бишкек, 04.02.21. /Кабар/. Кыргызстанда беш жыл ичинде 146 миң 157 жаран аты-жөнүн өзгөрткөн. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2016-жылы 37 миң 206 жаран аты-жөнүн өзгөртсө, 2017-жылы 33 миң 430 адам аты-жөнүн өзгөртүүнү чечишкен. Ал эми 2018-жылы 28 миң 246, 2019-жылы 28 миң 153, 2020-жылы 19 миң 122 жаран аты-жөнүн өзгөрткөн.

“Фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүү жарандык абалдын актыларын каттоо органы тарабынан мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.

Маалыматтарды өзгөрткөндөн кийин бир айдын ичинде паспортун алмаштыруу керек. Фамилиясын, атын жана атасынын атын бир мезгилде өзгөртүүнү каттоого жол берилбейт.

Жарандар төмөнкү учурларда бир айдын ичинде өздүгүн тастыктаган документтерди алмаштырууга милдеттүү: күбөлүк бланкынын жоголушу, бузулушу, эскириши, ламинацияланышы, тексттин жана/же мөөрдүн көрүнбөй, окулбай калышы. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо жөнүндө кайтадан берилген күбөлүк арыз менен кайрылган ЖААК органы тарабынан берилет”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий