• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Коом 0

Бишкек, 24.03.21. /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 23-мартынан 26-мартына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-260-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка автоунаа жолунун 72-91-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4-чакырымдарында жана Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунун 42-44 чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-93 чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий