• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн – ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 01.04.24. /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ашууларында кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 1-апрелде күтүлүп жаткан жаан чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле:

  • Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138 чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу),
  • Бишкек – Ош унаа жолунун 198-255 чакырымында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы),
  • Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайку унаа жолунун 74-107 чакырымында,
  • Ала-Бука – Каныш-Кыя – Кызыл-Адыр унаа жолунун 68-74, 86-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу),
  • Кызыл-Бел – Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымында,
  • Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымында (Чоң-Ашуу ашуусу), кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий