• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Кыргызстандын туркомпаниялары Ankara Travel Expo көргөзмөсүнө катышууда

Экономика 0

Бишкек, 15.11.24. /Кабар/. Күн мурун Түркиянын Анкара шаарында өлкөнүн туризм тармагындагы эң чоң иш-чараларынын бири болгон жыл сайын өтүүчү Ankara Travel Expo көргөзмөсү башталды.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги Кыргызстандагы Эдельвейс туристик жана башка туристтик фирмалардын өкүлдөрү менен бирге активдүү катышууда. Кыргызстандын стендинде өлкөнүн туристтик потенциалы тууралуу маалыматтык материалдар, видеороликтер, ошондой эле уникалдуу жаратылыш жана маданий кооз жерлерге көңүл бурган таркатма материалдар көрсөтүлдү.

Көргөзмөнүн алкагында кыргыз делегациясы менен туризм тармагында иш алып барган 18 миңден ашык фирманы бириктирген Түркиянын туристтик агенттиктер ассоциациясынын (TÜRSAB) жетекчилигинин жолугушуусу болду.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого макулдашышты жана мындан аркы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө үчүн TÜRSAB делегациясынын Кыргызстанга сапарын уюштурууну пландаштырышты.

Ankara Travel Expo көргөзмөсү 2024-жылдын 17-ноябрына чейин ишин улантып, Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн илгерилетүү жана жаңы өнөктөштүктөрдү түзүү үчүн аянтча болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий