• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстандын тышкы саясатын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн бир катар жарандар сыйланды

Коом 0

Бишкек, 22.10.24. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы саясатын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн жана Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгын майрамдоого байланыштуу бир катар жарандар сыйланды. Сыйлыкты президент Садыр Жапаров тапшырды. Салтанаттуу иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өттү.

Сыйлыкка татыгандар:
- III даражадагы “Манас” ордени менен Туменбаева Жаныл Туменбаевна -“Кыргызстан дипломаттары” коомдук бирикмесинин кеңешинин төрайымы;
- “Данакер” ордени менен: Атабеков Джумакадыр - “Кыргызстан дипломаттары” коомдук бирикмесинин аксакалдар кеңешинин мүчөсү;
- “Даңк” ордени менен: Иманалиев Муратбек Сансызбаевич - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын ардагери;
- Карабаев Эднан Осконович - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын ардагери;
- Кулматов Кенеш Нурматович - мамлекеттик ишмер, советтик жана россиялык дипломат сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий