• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкектин Ленская көчөсү капиталдык оңдоодон өтөт

Коом 0

Бишкек, 24.04.23. /Кабар/. Бишкектин Ленская көчөсү капиталдык оңдоодон өтөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда аталган көчөнүн Фучик көчөсүнөн ЧЧКга чейинки бөлүгүндө чоң жана терең чуңкурлар толтурулуп, тегизделди.

Белгилей кетсек, жарандардын көптөгөн кайрылууларына ылайык, жакынкы арада ирригацияларды тартуу менен көчөнү капиталдык оңдоо жана тротуар куруу иштери башталат.

Пикир

Оставить комментарий