• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

CASA-1000. Энергетика министрлиги Кыргызстанда жасалган иштер тууралуу айтып берди

Коом 0

Бишкек, 09.06.23. /Нурзат Жумалиева — Кабар/. Энергетика министрлиги Кыргызстандагы CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында жасалган иштер тууралуу айтып берди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, учурда 1243 тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдорду куруу, чуңкурларын казуу, арматуралоо жана бетондооо иштери аяктады. Бүгүнкү күндө 1125 тирөөч орнотулуп, 186,8 чакырым зым тартылды.

Белгилей кетсек, жалпысынан Кыргызстан боюнча 500 кВ электр берүү чубалгысынан "Датка" көмөк чордонуна чейин 456 чакырым электр берүү чубалгысы тартылат.

CASA-1000 долбоору Борбордук Азия менен Түштүк Азиянын - Кыргызстан, Тажикстан, Афганистан жана Пакистандын энергетикалык тутумдарын байланыштырууга багытталган жана эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясын сатуу боюнча механизмдерди иштеп чыгат.

Пикир

Оставить комментарий