• 86.96
  • 91.03
  • 0.84

ОшМУ Кытайдын Сиань Сыюань университети менен байланышын бекемдейт

Коом 0

Бишкек, 08.06.23. /Кабар/. КР Билим берүү жана илим министрлигинин тапшырмасынын негизинде ОшМУ менен Кытайдын Сиань Сыюань университети эки тараптууу кызматташуу келишимине кол койду. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, келишимде биргелешкен билим берүү, илим жаатында кызматташуу, студент, магистрант, аспирант, окутуучулар арасында академиялык мобилдүүлүк, илимий сапарларды, стажировкаларды, кесипти жогорулатуу курстарын уюштуруу, конок лекцияларды өткөрүү үчүн белгилүү илимпоздор менен адистерди чакыруу, окуу программаларын алмашуу, илимий долбоорлорду ишке ашыруу, конференцияларды уюштуруу аркылуу эл аралык маданий байланыштарды өнүктүрүү багыттары камтылган.

Иш-чара ректор Кудайберди Кожобеков баштаган делегациянын Кытайга болгон жумушчу иш сапарында орун алды. Ректор Кожобеков баштаган делегация Сиань Сыюань университети менен таанышып, окуу жайдын жетекчилиги менен жолугуп, кызматташуу багыттары боюнча пикир алышты.

Пикир

Оставить комментарий