• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстандын Украинадагы элчилиги штаттык режимде иштеп жатат

Саясат 0

Бишкек, 15.02.22. /Кабар/. Кыргызстандын Украинадагы элчилиги өлкөдө болуп жаткан окуяларга кылдат көз салып турат жана Украинанын Тышкы иштер министрлиги жана Киевде аккредиттелген чет мамлекеттердин элчиликтери менен байланышта болууда. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүнүн басымдуу көпчүлүгү сыяктуу эле Кыргызстандын Украиндагы элчилиги да штаттык режимде иштеп жатат.

Элчилик маалыматтык колдоо алуу үчүн кайрылган Кыргызстандын жарандары менен дайыма байланышта болууда. Аларга объективдүү жана толук түшүндүрмөлөр берилип, кырдаал боюнча ишенимдүү маалымат алуу үчүн биринчи кезекте украин бийлигинин расмий маалыматына жана билдирүүлөрүнө көз салуу сунушталат.

“Ошондой эле зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын жарандары жана алардын үй-бүлөлөрү коммерциялык каттамдар менен Украинадан өз алдынча кете алышат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Жарандар төмөндөгү ишеним телефонуна: +380997573413, ошондой эле элчиликтин WhatsApp тайпасына кайрыла алышат.

Пикир

Оставить комментарий