Кыргызстандын Улуттук банкы теңге менен операцияларды жүргүзүү тартибине өзгөртүү киргизди

Экономика 0

Бишкек, 12.04.22. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы коммерциялык банктардын, алмашуу бюролорунун, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларынын казак теңгеси менен операцияларды жүргүзүүсү боюнча убактылуу тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди.

Улуттук банктын басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстанда экономикалык коопсуздукту камсыздоо жана ички валюта рыногунда жагдайды турукташтыруу максатында, 2022-жылдын 11 –апрелинде № 2022-П-09/21-1-(БС) Улуттук банк башкармасы КРнын Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 18-мартындагы № 2022-П-09/16-1-(БС) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын, алмашуу бюролорунун, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларынын казак теңгеси менен операцияларды жүргүзүүсү боюнча убактылуу тартип жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.

Бул токтомго ылайык, казак теңгесинин сатып алуу курсун белгилөө боюнча талаптар (70 пайыздан ашпаган өлчөмдө салмактанып алынган тобокелдик коэффициентин колдонуу) экспорттоо контракттарынын негизинде Казакстандын аймагына товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо менен алектенген жактардан нак эмес казак теңгесин сатып алуу боюнча Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын операцияларына жайылтылбайт. Казак теңгесинин сомго карата алмашуу курсу экспорттоо контракттарынын негизинде Казакстан Республикасынын аймагына товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо менен алектенген жактар менен коммерциялык банктар ортосунда эркин аныкталат (келишимдин негизинде).

Пикир

Оставить комментарий