• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстандын волейбол боюнча жаштар курама командасы эл аралык чемпионатта биринчи орунду ээледи

Спорт 0

Бишкек, 24.07.24. /Кабар/. Кыргызстандын волейбол боюнча жаштар курама командасы эл аралык чемпионатта биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматта белгилегендей, волейбол боюнча кыздар арасында жаштар курама командасы (U-20) Мале шаарында өтүп жаткан CAVA чемпионатына катышты. Биринчи айлампада Мальдив Республикасынын улуттук курамын 3:0 эсебинде утса, экинчи айлампада Непал өлкөсүн 3:0 эсебинде жеңген. Ал эми үчүнчү айлампада Шри-Ланканын курама командасына 3:2 эсебинде жеңилген.

Бирок, кыргыз спортчулары жарым финалдык беттеште непалдыктарды 3:0 эсебинде жеңип, чечүүчү беттеште шри-ланкалыктарды дагы 3:0 эсебинде утуп, мелдештин чемпиону болушту.

Курама команда башкы машыктыруучу Курсантбек Уланбек уулунун жетекчилиги алдында мелдешке ийгиликтүү катышты.

Пикир

Оставить комментарий