• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргызстандык суучулдар Ачык Өзбекстан Кубогунда 11 медаль жеңип алды

Спорт 0

Бишкек, 30.11.20. /Кабар/. Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасы сууда сүзүү боюнча лицензиялык Ачык Өзбекстан Кубогунда 11 медаль жеңди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Аталган мелдеште кыргызстандык суучулдар 3 алтын, 5 күмүш, 3 коло жеңген.

Мелдешке 300 спортчу катышкан. Кыргызстандан аталган мелдешке 6 спортчу барган. Калган спортчулар Чехия жана Өзбекстандан болгон.

Белгилей кетсек, мелдеш Ташкент шаарында 24-29-ноябрь күндөрү болуп өткөн.

Мелдештин жыйынтыгы:

Денис Петрашов

Брасс түрүндө, 50 м аралык, алтын медаль;

Брасс түрүндө, 100 м аралык, алтын медаль;

Брасс түрүндө, 200 м аралык, коло медаль;

Елизавета Рогожникова

Аркада сүзүү, 200 м аралык, алтын медаль;

Аркада сүзүү, 100 м аралык, күмүш медаль;

Аркада сүзүү, 50 м аралык, күмүш, медаль, Кыргыз Республикасынын рекорду;

Комплескте сүзүү, 200 м аралык, күмүш медаль.

Рамазан Омаров

Эркин стиль, 1500 м аралык, күмүш медаль;

Эркин стиль, 800 м аралык, күмүш медаль, Кыргыз Республикасынын рекорду.

Тенгиз Тюбеев

Эркин стиль, 1500 м аралык, коло медаль.

Пикир

Оставить комментарий