• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Кыргызстандын волейбол курамасы Борбор Азия чемпионатынын жеңүүчүсү болду

Спорт 0

Бишкек, 25.10.24. /Кабар/. Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасы Ташкент шаарында өткөн Борбор Азия чемпионатынын жеңүүчүсү аталды.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 18-24-октябрь күндөрү өтүп, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Ооганстан жана Мальдив аралдарынын курама командалары катышты.

Курама команда биринчи айлампада Мальдив аралдарынын курама командасын 3:0 эсебинде (25-15, 25-13, 25-16), экинчи айлампада Тажикстандын курама командасын 3:0 эсебинде (25-13, 25-12, 25-18) жеңген.

Ошондой эле үчүнчү айлампада Өзбекстандын курама командасын 3:2 эсебинде (18-24, 26-24, 25-23, 22-25, 15-11), төртүнчү айлампада Түркмөнстандын курама командасын 3:1 эсебинде (25-21, 25-21, 13-25, 25-23) жана бешинчи айлампада Афганистандын курама командасын 3:1 эсебинде (28-30, 25-18, 25-22, 25-21) жеңип, финалга чыккан.

Биринчи орун үчүн беттеште Өзбекстандын курама командасын 3:0 эсебинде (26-24, 25-19, 25-20) жеңип, Борбор Азия чемпионатынын жеңүүчүсү аталды.

Төмөнкү оюнчулар өзгөчөлөндү:

  • мыкты тосмочу – Нурислам Медетбек уулу
  • мыкты чабуулчу – Нурмухамед Токтоев
  • мыкты диагональ – Оңолбек Каныбек уулу
  • мыкты оюнчу (MVP) – Нурмухамед Токтоев

Курама команда башкы машыктыруучу Андрей Анкудинов жана улук машыктыруучу Бакыт Алиевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Пикир

Оставить комментарий