Кыргызстандын жаңы элчиси Катар ТИМнин башкы катчысына ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 16.10.19. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын Катардагы жаңы дайындалган элчиси Чынгыз Эшимбеков Катардын тышкы иштер министрлигинин башкы катчысы Ахмад Хассан Аль-Хаммадиге ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ахмад Хассан Аль-Хаммади Кыргызстандын Катардагы элчиси катары дайындалышы менен чын жүрөктөн куттуктап, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер жигердүү өнүгүп жаткандыгын белгилеген. Эки өлкөнүн ортосунда өз ара кызматташууга чоң потенциал бар экендигин айтып, аны боордош эки элдин кызыкчылыгы үчүн колдонуунун зарыл экендигин баса белгилеп өткөн.

Өз кезегинде элчи Чынгыз Эшимбеков кыргыз-катар мамилелерин андан ары өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн баардык күч-аракетин жумшоого даяр экендигин билдирди, - деп кошумчалашты министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий