Кыргызстандын жаа атуу боюнча курамасы эл аралык окуу-машыгуу жыйынына катышууда

Спорт 0

Бишкек, 05.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын жаа атуу спорту боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү эл аралык окуу-машыгуу жыйынына катышууда.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, машыгуу Дүйнө кубогуна жана лицензиялык мелдешке даярдык көрүү максатында Түркиянын Анталия шаарында өтүп жатат. 1-июнда башталган спорттук иш-чара 12-июнь күнү жыйынтыкталат.

Белгилей кетсек, лицензиялык мелдеш Түркиянын Анталия шаарында 13-17-июнь күндөрү өтсө, Дүйнө кубогу 17-23-июнь күндөрү өтмөкчү.

Курама команданын тизмеси:

  • Улукбек Курсаналиев;
  • Данияр Талантбек уулу;
  • Эмирбек Машев;
  • Диана Канатбек кызы;
  • Асел Шарбекова.

- Кылычбек Нурманбетов машыктыруучу;
- Заирбек Бердибаев башкы машыктыруучу.

Пикир

Оставить комментарий