• 87.7
  • 94.85
  • 0.98

Жалал-Абадда өспүрүмдөр арасында жиу-житсу жана грепплинг боюнча турнир өттү

Спорт 0

Бишкек, 03.05.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы “Газпром” ден соолукту чыңдоо борборунда өспүрүмдөр арасында жиу-житсу жана грепплинг боюнча ачык турнир өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирет.

29-30-апрель күндөрү өткөн спорттук иш-чарага Өзбекстандын жана Кыргызстандын командалары катышып, жалпы 350 спортчу күч сынашты.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө Ардак грамота, төш белгилер жана акчалай сыйлык тапшырылды.

Белгилей кетсек, ачык турнирди Жалал-Абад облусу боюнча жиу-житсу федерациясы, Жалал-Абад шаардык мэриясынын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмү менен биргеликте уюштурган.

Пикир

Оставить комментарий