• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Атада жыл мугалими сынагынын жеңүүчүсүнө унаа тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 03.05.23. /Кабар/. Чүй облусунун Ысык-Ата районунда "Жыл мугалими - 2023" сынагы жыйынтыкталды. Бул тууралуу аталган райондун мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпысынан райондук сынакка 19 мугалим катышты.

Сынакта Н.С.Баранов атындагы 2-Ново-Покровка жалпы билим берүү мектеп-гимназиясынын мугалими Зарина Ибраимова баш байгенин - автоунаанын ээси болду. Экинчи орун Я.Я.Ваккер атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин мугалими Дүйшөмамбет кызы Назирага ыйгарылып, муздаткыч белекке берилди. Үчүнчү орунга Кеңеш жалпы билим берүү орто мектебинин мугалими Айзада Убалканова ээ болуп, телевизор менен сыйланды.

Ошондой эле жалпы катышуучуларга номинациялар ыйгарылып, кызыктыруучу белектер, дипломдор тапшырылды.

Сынактын жыйынтыктоочу иш-чарасына Чүй облусунун башчысы Канат Жумагазиев, Ысык-Ата районунун акими Алмазбек Осмонов катышып, мугалимдерге каалоо-тилектерин жолдошту.

Пикир

Оставить комментарий