• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Кыргызстандын жарандары үчүн Россиянын ЖОЖдорунан 700 квота бөлүндү

Билим Кыргызстан 0

Бишкек, 10.10.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Россиянын жогорку окуу жайларына 2025-2026-окуу жылына карата документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги билим жана маданият борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, окутуу Россия өкмөтүнүн квотасынын алкагында өтүп, абиттуриенттер үчүн акысыз. Кыргыз жарандары бакалавриат, магистратура, аспирантура, ординатура жана кошумча кесиптик билим берүү программаларына тапшыра алышат. Абиттуриенттер бюджетке тапшыруу, ЖОЖдордогу билим берүү программалары, профессионалдык өсүү мүмкүнчүлүктөрү жана Россиядагы студенттик жашоо тууралуу 14-15-октябрь күндөрү Жусуп Баласагын атындагы КУУда өтө турган орус-кыргыз билим форумунун алкагындагы билим берүү көргөзмөсүнөн кеңеш алууга болот.

Абитуриенттерди тандоо эки этап менен өтүп, биринчи этабын Россотрудничествонун өлкөдөгү өкүлчүлүгү, ал эми экинчи этапты Россиянын Илим жана жогорку билим берүү министрлиги ишке ашырат.

Документтер 2025-жылдын 15-январына чейин бул сайтта кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий