• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кыргызстандын жарандарын чет өлкөдө мыйзамсыз ишке орноштуруу аракети токтотулду

Коом 0

Бишкек, 16.09.24. /Кабар/. Кыргызстандын жарандарын Россияда ишке орноштуруу боюнча уюшкан түрдө мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзүп жаткан адам аныкталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын мыйзамсыз аракеттери Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын биргелешкен иш-аракеттеринин натыйжасында аныкталды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган адам тиешелүү уруксатсыз жана мыйзамдуу негиздери жок туруп, Россиянын аймагында ар кандай курулуш объектилеринде жарандарды ишке орноштурууну убада кылып, жалдоо иштерин жүргүзүп келгени билинди. Мыйзамсыз ишке тартуунун уюштуруучусу социалдык тармактар жана башка бейрасмий каналдар аркылуу жарандарды өзүнө тартып, мыйзамдуу жол-жоболорду сактабастан "тез" ишке орноштурууну сунуштап, жарандардын өмүрүн жана коопсуздугун тобокелге салган.

Учурда жумушка кабыл алууну уюштуруучуга карата КР мыйзамдарын бузгандыгы үчүн тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, иш менен камсыз кылууга турган кезекте жарандарга консультациялык-укуктук жардамдар көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий