Кыргызстандагы жарандык авиациянын тарыхы 1933-жылы башталган. Кыргыз АССРинин Элдик комиссарлар кеңешинин токтому кабыл алынып, автономдук республикада айыл чарба багытында колдонулган үч эле учагы болгон. Кийин Фрунзе - Рыбачье - Пржевальск жана Фрунзе - Ташкент - Алма-Ата аба каттамдары ачылып, кийин аба каттамдары көбөйгөн. Эң биринчи аэропорт Бишкектин четиндеги Папеновка айылында 1933-жылы түптөлгөн. Айыл чарба тармагын тейлөө үчүн үч У-2 учактары алгачкы кыргыз авиация тармагынын башаты болгон.
Жарандык авиациянын эл аралык күнү 1994-жылдан баштап дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттеринде, аны менен катар Кыргызстанда белгиленип келет. 1994-жылы өкмөт “7-октябрь - Жарандык авиация күнү” деп бекиткен. Учурда өлкөдө жарандык авиация тармагында иш алып барган министрлер кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги – КМШ өлкөлөрүндө, ЕАЭБ жана 1944-жылдын 7-декабрындагы Эл аралык жарандык авиация жөнүндөгү Конвенциянын (1944-жылдагы Чикаго Конвенциясы) катышуучусу болгон Келишимдеги мамлекеттердин ичинде жарандык авиациянын багыты боюнча уникалдуу мекемелердин бири болуп эсептелет.
Бүгүнкү күндө кыргыз авиация тармагынын жүзү жаркыраган, заманбап аэропорттор, учактар жана кесипкөй адистер. Кыргызстанда буга чейин авиа тармагы көйгөйдөн арыла албай же Евро бирмдиктин “кара тизмесинен” чыга албай, учактардын жарымынан көбү жараксыз абалда болгон. Акыркы 2 жылда “Манас” эл аралык аэропорту өлкөдөгү жарандык авиациясынын кыймылдаткыч күчүнө айланды. “Манас” эл аралык аэропортунун өздүк каражаттарына эл аралык “Каракол”, “Казарман”, “Кербен”, “Талас”, “Нарын” аймактык аэропорттору реконструкцияланып, жаңы авиакаттамдарды ачууга мүмкүнчүлүк түздү. Ошондой эле “Жалал-Абад” эл аралык аэропортунун курулушу 2025-жылы башталарын “Манас" эл аралык аэропорту" ААК башкармалыгынын төрагасы Манас Самидинов "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирген.
“Эл аралык стандарттарга ылайык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн “Каракол” эл аралык аэропорту быйыл күздө ишке берилет. Учурда аэропортторду реконструкциялоо иштери аяктап калды. Белгилүү болгондой жазында “Талас” аэропорту ачылды. “Нарын” “Казарман” менен “Кербен” аэропортунун курулуш иштери да бүткөн, аларды жакынкы аралыкта ачууну пландап жатабыз. Бул аэропорттор толугу менен ачылат. Негизинен каттамдардын 70 пайызы эл аралык болсо, 30 пайызы ички каттамдар. Жылдан жылга жүргүнчүлөрдүн саны өсүүдө. Жыл башынан бери “Манас” эл аралык аэропорту 2 млн 700 миң жүргүнчүнү тейледи” - деди Манас Самидинов.
Белгилей кетсек, учурга чейин эл аралык “Манас”, Ош, Ысык-Көл, Баткен аэропорттору иштеп келген. Президент Садыр Жапаров Жарандык авиация күнүнө карата куттуктоосунда белгилегендей, «Манас» эл аралык аэропортунун кирешеси төрт жылда 2 млрд сомдон 6 млрд сомго чейин көбөйгөн. Мамлекет башчынын сөзүнө караганда, 2019-жылы «Манас» эл аралык аэропортунун таза кирешеси 2 млрд 108 млн сомду түзсө, 2023-жылы таза кирешеси 6 млрд сомго жетип, өсүү темпи 52 пайызды түзгөн.
Ал эми, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров белгилегендей, акыркы үч жылда “Манас” эл аралык аэропорту болуп көрбөгөндөй ийгиликтерге жетишти.
“2023-жылы инвестициялык активдүүлүк 5 миллиард 368 миллион сомду түзүп, жеке каражаттын эсебинен “Асман аба жолдору” авиакомпаниясы үчүн эки Q 400 жана “Эйркей джи” авиакомпаниясы үчүн бир Beechcraft King Air 360 учактарын сатып алууга мүмкүнчүлүк түздү. Бүгүнкү күндө дагы бир Q 400 учагы сатылып алынды”, - деди Акылбек Жапаров.
Ошентип, 2023-жылдан бери “Манас” эл аралык аэропорту жалпысынан 4 учак сатып алууга жетишти. Ички каттамдарга алынган Dash 8 Q-400 учагы сентябрь айында алдын ала даярдык көрүү үчүн «Талас» аймактык аэропортуна алгачкы каттамын жасады.
Бирок, авиацияда коопсуздук деген чоң маселе бар, ал тартипти, кесиптик билимди жана дыкат мамилени талап кылат. Ага учкучтарды жана башка кызматкерлерди заманбап ыкмалар менен даярдоо, кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, тейлөө кирет. Өлкөдө аймактык аэропорттор жаңыланып, каттамдар ачылып, учактардын сатып алынышы менен бирге заманбап талаптарга жооп берген адистерин даярдоого өзгөчө көңүл бөлүнүшү керек. Кыргызстандагы авиация кызматкерлерин даярдаган өлкөдөгү жалгыз окуу жай И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту, анда азыр жалпысынан 2 миң 600 студент билим алат.
И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун директорунун Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча орун басары Аида Эмчиеванын айтымында, Кыргыз авиациялык институтунун окуу программаларына санарип технологиялары киргизилген, бул адистерди даярдоо процессинин натыйжалуулугун арттырууда.
“Учкучтарды, диспетчерлерди даярдоодо заманбап учуу стимуляторлору колдонулат, булар студенттерге учууну коопсуз шарттарда үйрөнүүгө жана теориялык билимди практикада өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Авиация тармагында адистердин жетишсиздик көйгөйүн чечүү максатында Кыргыз авиациялык институту жаңы окуу программаларын иштеп чыгып, окутуучулар курамын күчөтүп жатат. Педагогикалык жамаат авиация тармагында чоң тажрыйбасы бар адистерден турат. Институт чет элдик авиациялык окуу жайлар менен кызматташып, студенттер үчүн тажрыйба алмашуу программаларын уюштурууда. Андан сырткары, институтта квалификацияны жогорулатуу курстары да өткөрүлүп, авиация тармагындагы адистердин билим деңгээлин жаңылоо иштери жүрүүдө. Авиа институтунун бүтүрүүчүлөрү Кыргызстанда да, чет өлкөлөрдө да авиация тармагында суроо-талапка ээ, бул карьералык мүмкүнчүлүктөрдүн кеңири спектрин ачат”, - деди Аида Эмчиева.
Президенттин куттуктоо сөзүндө да, тармактын кызматкерлери кыргыз авиациясынын эл аралык коопсуздук жана сапат стандарттарына жооп бериши үчүн болгон күч-аракеттерин жумшап келишти деп айтылган.
“Ушул жылдын август айында Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги Эл аралык жарандык авиация уюмунун авиациялык коопсуздук жана формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү боюнча аудитинен ийгиликтүү өткөндүгү кубанычтуу кабар болду. Бул Кыргызстандын авиациясы бардык эл аралык стандарттар менен талаптарга жооп берет деген сөз”, - деди ал.
Анткени, Кыргызстан Эл аралык жарандык авиациянын (ИКАО) аудитинен ийгиликтүү өтүүсү, бул Кыргызстандын авиациясынын Евробиримдиктин “кара тизмесинен” чыгууга жардам бере турган кадам.
Эске салсак, эл аралык эрежелерге дал келбейт деген жүйөө менен 2006-жылы Кыргызстандын авиациясы Европанын “кара тизмесине” кирген. Азыр Кыргызстан мындан чыгуу аракетин көрүүдө.
“Берилген документтер боюнча Европа тараптан алдын ала отчет алынды, берилген сын-пикирлердин пункттары боюнча иш жүргүзүлүүдө. Ошондой эле Евробиримдиктин консалтингдик компаниялары менен Евробиримдиктин кара тизмесинен чыгуу үчүн көмөк көрсөтүү маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мамлекеттик агенттик жарандык авиацияны көзөмөлдөө жана жөнгө салуу системаларында техникалык жакшыртууларды ишке ашыруу боюнча жигердүү иш алып барууда, ал дагы кара тизмеден чыгуу үчүн негизги ролду ойнойт. Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери жана инспекторлору үчүн авиациялык коопсуздук, учуулардын коопсуздугу, авиациялык кырсыктар боюнча окуулар өткөрүлдү”, - деди Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канат Төлөгөнов “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде.
Жарандык авиация өлкөбүздүн ички аймактарынын байланышынын жаңы деңгээли жана башка мамлекеттер менен карым-катнаш жүргүзүүдө маанилүү, коопсуз каттамдар болуп саналат. Өзгөчө калк ички каттамдарды кеңири колдонсо жол кырсыктарын азайтууга, убакытты үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлмөк.
Пикир
Оставить комментарий