• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстандын Жаш көрүүчүлөр театры Москвада эл аралык фестивалга катышат

Маданият 0

Бишкек, 06.10.23. /Кабар/. Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театры 5-8 октябрда Москвада өтүп жаткан эл аралык А.П.Чехов театралдык фестивалына катышат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, фестивалда кыргызстандык артисттер тарабынан Э.Шмиддин "Письмо самолётики" спектали коюлат. Спектаклдин режиссеру Айзада Качкынбек кызы.

Аталган спектакль 2021-жылы Ташкент шаарында өткөн эл аралык театралдык фестивалына катышып, А.П. Чехов фестивалына катышууга жолдомо алган болчу.

Башкы ролдо Роза - КР эмгек сиңирген артисти Гүлмира Турсунбаева, Артурду - актёр Эсенгазы уулу Нурбек жана дарыгерди - Элдияр Жарашев ойнойт.

Спектаклдин сюжетинде рак илдетине чалдыккан 10 жаштагы Артур ооруканадагы жашоосу тууралуу баяндап, ал үчүн экинчи апа болуп калган Розанын ортосундагы мамиле сүрөттөлөт.

Пикир

Оставить комментарий