• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Маданият министри Жаманкулов скульптор Тамила Маматованын өнөрканасына барды

Маданият 0

Бишкек, 11.11.21. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов белгилүү жаш скульптор Тамила Маматованын өнөрканасында болду. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда ал студент кезинен бери жасаган эмгектеринен тарта, учурда жасап жаткан композициялары менен кенен тааныштырып чыкты.

"Жасалган эмгектердин ар тараптуулугу, алардын реализмден абстракцияга чейин узарганы жаш скульптордун кайталангыс талант экенин далилдеп, келечектеги арышынын кенендигинен кабар берет. Айрыкча анын Айтматовдун жаштыгын чагылдырган айкели жандуу элес калтырып, ага борбор калаадан орун берүү аракети жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Азамат Жаманкулов Тамила өңдүү келечекте көптү үмүттөндүргөн жаш скульпторлордун эмгектери өнөрканада эмес, өлкөнүн руханий казынасын байытууда өз салымын кошуп, көпчүлүктүн көңүлүнө тартууланышы керектигин айтып, жаш таланттар үчүн Дүйнө горизонтун ачуу максатында Маданият министрлиги тарабынан жаш скульпторлорду колдоо жана аларга дем берүү иретинде конкурстарды уюштуруу ниети бар экендигин кошумчалады.

Ошондой эле министр скульпторлор үчүн алардын шарт-талаптарына туура келген өнөркана ачып берүү маселесин карап көрөөрүн билдирди.

"Жаш өнөр ээси менен болгон баарлашууда анын өлкө үчүн өтөй турган эмгеги мол экенин, бул багыттагы тыгыз кызматташуу кыйла жаңычыл жаратмандыкты жаратаарын убадалады. Мындан сырткары, мүмкүн болгон учурларда жаңыдан өсүп келе жаткан жаш сүрөтчү, скульптор, музыкант, чебер уста, солист ж.б. өнөр адамдарынан кабар алып туруу жана көмөк көрсөтүү максатын койгондугун белгилеп, алардын алгачкысы Тамила Маматова болду", - деп кошумчалашты министрликтин басма сөз кызматынан.

Маалымат үчүн: Жаш скульптор Тамила Маматова 1987-жылы Жалал-Абад облусунун Алабука районундагы Келте айылында туулган. 2007-2012-жылдары Т. Садыков атындагы Улуттук искусство академиясында, 2012-2018-жылдары Санкт-Петербургдагы Репин атындагы көркөм сүрөт академиясында билим алган.

Кесиби боюнча скульптор-сүрөтчү.

Пикир

Оставить комментарий