• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте Татарстан кино күндөрү өтөт. Кирүү акысыз

Маданият 0

Бишкек, 03.07.23. /Кабар/. Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө 9-10-июль күндөрү Татарстан кино күндөрү өтөт. Каалоочулар үчүн кирүү акысыз. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, көрүүчүлөргө Татарстандын заманбап кинорежиссерлорунун эмгектери көрсөтүлөт. Бул тасмалар Эл аралык кинофестивалдардын катышуучулары.

Белгилей кетсек, ар тасманын соңунда тасма жаратуучулар менен чыгармачылык жолугушуулар өтөт.

Татар кино күндөрүнүн графиги:

9-июль - "Сумбуль" (2019-жылы, Өзбекстан менен биргеликте, реж. Рашид Маликов жана Рамиль Фазлиев). Башталышы саат 16:00.

- "Тарлан" (2021-ж, Казакстан менен биргеликте, реж. Юлия Захарова) - башталышы саат 18:30.

10- июль - "Апипа" (2020-ж, реж. Ильшат Рахимов), саат 16:00.

- "823-й километр" ( 2023-ж, реж. Амир Галиаскаров жана Ирек Хафизов), саат 18:30.

Пикир

Оставить комментарий