Бишкек, 25.12.24. /Кабар/. Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаменти жеке ишкер Голенков ишканасы менен түзүлгөн келишим боюнча, өлкөгө кылкансыз түбү бош жана таракбаш жайыт чөптөрүнүн 114 миң 181 кг үрөнү алып келинди.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен 82 миң 867 кг үрөн Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Талас, Баткен жана Ош облустарынын айыл аймактарына жеткирилип, таркатылып берилди.
Ал эми Жалал-Абад облусуна декабрдын аягына чейин 35 814 кг жеткирүү пландалууда. Ошондой эле жеке ишкер Голенков кылкансыз түбү боштун 4400 кг үрөнүн жана шалбаа бетегесин 19 044 кг Кыргызстанга жакын арада алып келет.
Белгилей кетсек, таркатылган жайыт чөптөрүнүн үрөндөрү жана эспарцет чөбүнүн аралашмасы республика боюнча 393 га жайыт аянттарына, жалпысынан 6084 кг себилди.
Пикир
Оставить комментарий