• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Жаза аткаруу кызматы абактарда цехтерди жандандырууну пландаштырууда

Коом 0

Бишкек, 05.04.19. /Кабар/. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы өлкөнүн баардык абактарында өндүрүш цехтерди кайра жандандырууну пландоодо. Бул тууралуу ведомствонун төрагасынын орун басары Таалайбек Нуралиев билдирди.

Анын айтуусу боюнча, СССР маалында ар бир түрмөдө өндүрүш мекемеси болгон. “Тилекке каршы бул цехтер жабылып калган. Биз абактарда отурган адамдар ошол цехтерде иштеп, өзүнүн туугандарына жардам берүүсү үчүн ошол мекемелерди кайра ишке киргизүү үчүн инвестор издеп жатабыз. Жакында эле №16 колониясында кирпич чыгаруучу завод ишке кирген. Учурда ал жакта 82 соттолгондор иштеп жатат. Алардын айлык акысы орто эсеп менен 15 миң сомду түзөт”, - дейт Нуралиев.

Анын маалыматына ылайык, ведомство өкмөттөн жардам күтпөстөн, өзү инвестор издеп жатат. “Биз эсептеп, бир цехти ачыш үчүн орто эсеп менен 10-15 млн.сом керек экендигин аныктадык”, - дейт Нуралиев.

Анын айтуусу боюнча, өлкөдө жалпысынан 15 миң адам түрмөдө отурат. Анын ичинен 6 миңи жабык мекемелеринде олтурса, түзөтүү мекемелеринде - 2 миң 500 адам, Жаза аткаруу кызматынын инспекцияларында 4,5 адам катталган.

Пикир

Оставить комментарий