• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Кыргызстанга 150 уюлдук телефонду мыйзамсыз алып кирүү аракети токтотулду

Экономика 0

Бишкек, 20.08.24. /Кабар/. Кыргызстанга 150 уюлдук телефонду мыйзамсыз алып кирүү аракети токтотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Чалдовар" көзөмөл-өткөрүү пунктунда салык жана чек ара кызматкерлери тарабынан текшерүүнүн жүрүшүндө республиканын аймагына 150 даана уюлдук түзүлүштөрдү алып кирүүгө байланыштуу мыйзам бузуу фактысы аныкталган.

Түзүлүштөр убактылуу тартылып алынып, бул факт боюнча материалдар юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий