• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кыргызстанга 300дөн ашуун баш ири мүйүздүү малды мыйзамсыз ташып кирүү бөгөттөлдү

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.09.24. /Кабар/. Казакстандан Кыргызстанга 300дөн ашуун баш ири мүйүздүү малды мыйзамсыз ташып кирүү бөгөттөлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Атайын кызмат Чек ара кызматынын 2029 аскер бөлүгү менен биргеликте Талас облусунун чек ара тилкесинде мыйзамсыз аткезчиликке каршы алдын ала иш-чараларын жүргүзүү учурунда, 12-сентябрда “Чон-Капка” чек ара заставасынын аймагында Казакстандан Кыргызстандын аймагына 308 баш ири мүйүздүү малды мыйзамсыз өткөрүү учурунда А.у.Н. аттуу кыргыз жаранын кармады.

Азыркы учурда УКМК тарабынан жогорудагы факт боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий