• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Токтогулда милиция мал уурулукка шектелген жаранды кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.03.24. /Акназик Тургунбаева – Кабар/. Токтогулда мал уурулукка шектелген жаран кармалды, деп билдирет Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 10-мартында 48 жаштагы район тургуну милицияга арыз менен кайрылып, короосунан үч баш кой уурдалгандыгын билдирген. Окуя 8-мартта болгон. Келтирилген зыяндын суммасы 45 миң сом.

Ыкчам-иликтөө иш-чарасынын натыйжасында кылмышка шектүү делип Токтогул районунун 24 жаштагы жашоочусу М.С. кармалган. Анын үйүнө тинтүү учурунда эки даана ок атуучу курал табылып, экспертиза дайындалды.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий