• 87
  • 89.77
  • 0.79

Кыргызстанга 40 жылдан бери биринчи жолу жүргүнчү ташуучу жаңы кемелер алып келинди

Коом 0


Бишкек, 03.12.24. /Кабар/. Ысык-Көлгө Кытайдан эки заманбап жүргүнчү ташуучу кеме алып келинди - бул өлкөнүн суу транспорту үчүн тарыхый окуя. Акыркы жолу Ысык-Көлдө жаңы кеме 80-жылдары алып келинген.

Жаңы кемелер 84 жана 54 жүргүнчүгө ылайыкталган. Алар абага чыгарууну минималдаштыруучу жана күйүүчү майдын аз чыгымдалышына ээ болгон заманбап Mercury деңиз кыймылдаткычтары менен жабдылган. Бул аларды жайлуу гана эмес, айлана-чөйрө үчүн да коопсуз кылат.

"Бул кемелер Ысык-Көлдөгү пароходствону өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Мен ушул көлдүн жээгинде туулуп-өскөн адам катары Ысык-Көлдүн инфраструктурасын өнүктүрүүгө ушундай салым кошуп жатканыбызга сыймыктанам. Биздин кемелер заманбап экологиялык жана бардык талаптарына жооп берет. Ошондой эле бул тармакты жаңы деңгээлге көтөрүү максатында Кыргызстанда чоң кемелерди өзүбүздүн өндүрүшүбүздү ишке киргизүүнү пландап жатабыз", - дейт Sky Ships ЖЧКсынын тең негиздөөчүсү Эмилбек Ражапов.

Бул кемелер азырынча сыноо үлгүлөрү болуп саналат. Келечекте Ысык-Көлдүн түндүк жана түштүк жээктерин байланыштырган үзгүлтүксүз каттамдарды ишке киргизүү, анын ичинде Чолпон-Ата – Тоң каттамын ишке ашыруу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий