• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Санариптик өнүктүрүү министри "Дастан" заводунун сот иши жана Ширшов менен мамилеси тууралуу суроолорго жооп берди

Коом 0

Санариптик өнүктүрүү министри Талант Иманов Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигине кыскача маек куруп, "Дастан" заводунун сот иши жана Алексей Ширшов менен мамилеси тууралуу суроолорго жооп берди.

— Саламатсызбы Талант Ороскулович, 2020-жылы сиз "Дастан" заводун жетектеп турганда пандемия жаңы башталып, жасалма дем алдыруучу аппараттарды (ИВЛ) Россиядан сатып алгансыздар. Азыр ошонун акчаларын бере элек деп россиялык компания сотко берип, «Дастан» заводу банкрот жарыялансын, анан мүлкү сатылсын жана ошону менен карызын өндүрөбүз деп сотко берди. Ошону менен бирге бул ИВЛ аппараттардын баасы жогорулатылган, алар стандартка туура келбейт, сертификаты жок дегендер да бар. Ушул боюнча кененирээк айтып берсеңиз.

Саламатчылык. Бул жерде саясат кылып атышат. Мен баарын ачыктап берейин.

2020-жылы коронавирус башталганда өкмөт ӨКМ жана башка мамлекеттик мекемелер аркылуу “тез арада ИВЛ аппараттарын алып келгиле” деп буйрутма беришкен. Алардын арасында “Дастан” корпорациясы дагы бар болчубуз. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аркылуу ушул эле аппараттар ыкчам алынып келинген. Ошондон бери бүгүнкү күндө дагы биздин медицинада ушул эле аппараттар колдонулуп келе жатат. Россияда азыр дагы ушул эле ИВЛ аппараттары колдонулуп жатат. Баасы дагы бирдей. Сертификаттары да бар. Кантип эле сертификаттары жок аппараттарды алып келмек элек.

Эми кандай болгонун ачык айтып берейин. Биз 300 даана ИВЛ аппараттарын алып келгенбиз. 2020-жылдын күз айларында келген. Бир тыйын акчасын төлөгөн жокпуз. Кийин төлөп беребиз деп алып келгенбиз. Анан эле өкмөткө өткөрүп берели десек мурдагы өкмөттөгүлөр бизди үстөк пайда көрүп жатышат деп ойлоштубу, айтор өкмөткө өткөрүп алыш үчүн “шапкасын” же башкача айтканда, кошумча акча сурашты. Биз кантип “шапка” бермек элек. Баш тарттык. Анан тапкан шылтоолору “кымбат экен, сертификаты жок экен, өпкөнү жарып кетет экен” дегенге өтүштү. Болбосо ушул эле аппараттарды колдонуп атышат азыр деле. Ошентип бүгүнкү күнгө чейин маселе чечилбей келген. Анысы аз келгенсип “аппараттарды анда кайтарып берели” десек, өлкөдөн медициналык аппараттар чыгарылбасын деген өкмөттүн токтомун чыгарып коюшкан. Кечээ жакында сотко берип, соттун чечими чыкты. Мына эми жакында кайтарып берген жатабыз. Мына ушундай жакшылыкка жамандык деген саясат болуп кетти. Бул жерден мамлекет дагы, “Дастан” корпорациясы дагы бир тыйын зыян тарткан жокпуз. Жөн гана мурдакы өкмөттөгүлөрдүн ичинен кимдир бирөөлөрү жеке кызыкчылык көрбөй калган үчүн ушундай саясат болуп кетти.

— Талант Иманов дегенде эле көпчүлүк Алексей Ширшовду эстешет. Экөөңүздөрдүн мамилеңиз кандай? Учурда эмне байланыштырат?

Алексей Ширшов менен мурда чогуу иштешкеним чындык. Эл катары эле иштешкем. Эмгек акы алгам. Мамилебиз бири-бирибизге түз бойдон калган. Мен душманыма деле жаман мамиле кылбайм. Азыр жумуш боюнча эч нерсе байланыштырбайт. Менин ордум же “Дастан” корпорациясына жетекчилик кызматка өз жакындарын кое албай жүргөн тырмакчадагы досторум Ширшов десе эле мага чаптап жаман көрсөтөбүз деген аракеттери болуп жатат. Саясат деген ушундай сасык нерсе экен. Кээде “тойдум баарына” деп басып кеткиң келет. Бирок президенттин койгон тапшырмасын аягына чыгарып берейин деп иштеп жүрөм. Кудай буюрса 2023-жылдын аягына чейин бүткүл өлкө боюнча министрликтердин баарын санариптештирип бүтөбүз.

— Маегиңизге рахмат. Ишиңизге ийгилик каалайбыз!

— Чоң рахмат, сиздерге да ийгилик каалайм.

Маектешкен Медер Шерметалиев

Пикир

Оставить комментарий