• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Кут жаңы конушунда трансформатордук көмөкчордон курулду

Коом 0

Бишкек, 18.07.22. /Кабар/. Кут жаңы конушунда трансформатордук көмөкчордон курулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анда 40 тирөөч орнотулуп, 4 чакырымга жакын СИП электр чубалгылары тартылып, кубаттуулугу 630 кВ 2 комплекттүү трансформатордук көмөкчордондор орнотулду.

Курулуш иштерин «Энержибилдинг Кейджи» ЖЧК подряддык уюму жүргүзүүдө.

"Эми конуштун жашоочулары электр энергиясы менен камсыз болушат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий