• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанга Армениянын премьер-министри Никол Пашинян келди

ЕАЭБ 0

Бишкек, 25.08.22. /Кабар/. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан сыйлуу конокту министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

Эске салсак, 2022-жылдын 25-26-августунда Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт, анда интеграциялык биримдик алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралат.

Пикир

Оставить комментарий