• 84.46
  • 93.22
  • 0.88

Өзбекстанда ШКУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешмеси өттү

Коом 0

Бишкек, 25.08.22. /Кабар/. Кечээ, 24-августта Өзбекстандын Ташкент шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу КР Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекистандын коргоо министрлери катышты.

Отурумдун жүрүшүндө коргоо ведомстволорунун жетекчилери эл аралык жана аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашты. Ошондой эле коргоо жана коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча мындан аркы кадамдарды белгилешип, 2023-жылы ШКУнун коргоо министрлеринин кеңешинин кезектеги отурумун Индиянын аймагында өткөрүү жөнүндө макулдашууга жетишти.

Иш-чаранын жыйынтыгында ШКУнун аймагында тынчтыкты камсыздоо максатындагы коопсуздук чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө багытталган жыйынтыктоочу документтерге кол коюу менен аяктады.

Пикир

Оставить комментарий