• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Кыргызстанга Азербайжандын президенти Ильхам Алиев келди

Саясат 0

Бишкек, 03.09.18. /Кабар/. 2-сентябрда Кыргыз Республикасына Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев келди.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда сыйлуу конокту Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов тосуп алды.

Ильхам Алиев Кыргызстанга 2018-жылдын 3-сентябрында Чолпон-Ата шаарында өтө турган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин VI саммитине катышуу үчүн келди.

Маалымдама: Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши – бул заманбап түрк мамлекеттерин бириктирген эл аралык уюм, анын негизги максаты мүчө-мамлекеттер аралык ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү болуп саналат. Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине мүчө-мамлекеттер катары Азербайжан Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы жана Түркия Республикасы саналат.

Белгилесек, быйыл Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешиндеги төрагалык Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасына өтөт.

Пикир

Оставить комментарий