• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанга бир жумадан кийин Pfizer вакцинасы келет

COVID - 19 0

Бишкек, 22.07.22. /Кабар/. Кыргызстанга августта коронавируска каршы Pfizer BioNTech вакцинасынын 1 миллиондон ашык дозасы келет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Анара Мамбетисаева билдирди.

Анын айтымында, сатып алуу алты ай мурун жарыяланган.

“Вакцинанын логистикалык процедурасы татаал, анткени температуралык режимди сактоо керек. Pfizer - бул эки фазалуу вакцина. Учурда жарандарыбыз кытайлык “Синофарм” вакцинасы менен эмдөөдөн өтө алат. Ал жетиштүү жана 2023-жылга чейин эсептелинген”, - деди Мамбетисаева.

Пикир

Оставить комментарий