• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстанга электромобиль импорттоого тарифтик жеңилдиктер узартылды

ЕАЭБ 0

Бишкек, 27.11.23. /Кабар/. Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 24-ноябрдагы жыйынында Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнө чектелген санда ташылып келинген электромобилдер үчүн бажы алымдарынан бошотуу түрүндөгү тарифтик жеңилдикти 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартты.

КР Экономика министрлигинен билдиришкендей, бажы төлөмдөрүнөн бошотуу Армения, Беларусь, Казакстан жана Кыргызстанда туруктуу жашаган жарандарга гана берилет. Ошол эле учурда Россияда жарандыгы жана (же) туруктуу жашаган жери бар адамдарга электр транспортуна ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун берүүгө жол берилбейт.

Тарифтик жеңилдиктер ЕАЭБдин 8703 80 000 2 ТН ЕАЭБ коду боюнча классификацияланган электр кыймылдаткычтары бар автотранспорт каражаттары үчүн Кыргызстан үчүн 2024-жылы 10 миң, 2025-жылы да - 10 миң .даана өлчөмүндө каралган.

Электр транспортторуна суроо-талапты стимулдаштырууга, аларды өндүрүүгө жана заряддоо станцияларынын тармагын өнүктүрүүгө багытталган башка чаралар менен айкалышта тарифтик жеңилдиктерди колдонуунун мөөнөтүн узартуу мындай автотранспорт каражаттарын кеңири жайылтууга, ири шаарлардагы экологиялык абалды жакшыртууга, инновациялык технологияларды өнүктүрүү зыяндуу газдарды жана зыяндуу заттарды чыгарууну кыскартууга көмөктөшөт деп күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий