• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ЖЕЭКтин кезектеги жыйынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду

ЕАЭБ 0

Бишкек, 10.12.21./Кабар/. Жогорку Евразиялык экономикалык жогорку кеңештин (ЖЕЭК) үстүбүздөгү жылдын жыйынтыктоочу видеоконференция форматындагы жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтер кабыл алынды, аларга кол коюу жумушчу тартипте жүзөгө ашырылат:

  1. «Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2020-жылдын 11-декабрындагы № 12 чечимин ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө «Евразиялык экономикалык интеграцияны 2025-жылга чейин өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары жөнүндө» маселесинин алкагындагы тапшырма.
  1. «Евразия экономикалык биримдигинде жүктөрдү көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө» макулдашуу.
  1. «Навигациялык пломбада камтылган маалыматтарды коргоо боюнча бирдиктүү чараларды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топту түзүү жөнүндө» тескеме.
  2. «2018-жылдын 17-майындагы Евразиялык экономикалык биримдик жана анын мүчө-мамлекеттери бир тарабынан жана экинчи тарабынан Иран Ислам Республикасынын ортосунда эркин соода аймагын түзүүнү караган Убактылуу макулдашуунун Протколуна кол коюу маселелери жөнүндө» чечим.
  3. «2022-жылга Евразия экономикалык биримдигинин эл аралык ишмердигинин негизги багыттары жөнүндө» чечим.
  4. «Евразия экономикалык биримдигинин алдындагы байкоочу мамлекеттин макамы жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» чечим.
  5. «2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү» тууралуу Протокол («II Чоң Протокол»).
  1. «Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында кызмат көрсөтүүнүн айрым секторлору боюнча либералдаштыруу пландарын ишке ашыруу жөнүндө» тескеме.
  1. «Курулуш тармагындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногунун иштешин камсыз кылуу жөнүндө» чечим.
  1. «Кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногунун иштешинин алкагында баалоо ишин жүзөгө ашыруунун шарттарына жалпы мамилелер жөнүндө» чечим.
  1. Евразия экономикалык биримдигинин алкагында аудитордук иш-чараларды ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу.
  2. Бажы алымдарын, салыктарды, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенменин аткарылышын камсыздоо, бажы транзитинин бажы жол-жобосуна ылайык товарларды ташууда колдонуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө макулдашуу.
  1. Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 29-майында, 2015-жылдын 8-майында кол коюлуп, Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө Макулдашууга кошулушуна байланыштуу Евразия экономикалык биримдигинин мыйзамдарына киргизилген айрым эл аралык келишимдерге жана Евразия экономикалык биримдигинин органдарынын актыларына, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимди Кыргыз Республикасынын колдонуусунун шарттары жана өткөөл жоболору жөнүндө Протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол
  2. «Евразия экономикалык биримдигинин 2020-жылга бюджетинин аткарылышы тууралуу отчет жөнүндө» чечим.
  3. «Евразия экономикалык биримдигинин 2022-жылга бюджети жөнүндө» чечим.
  4. «Евразия экономикалык биримдигинин Сотуна кайрылууда ишкердик субъекттери төлөгөн алымдын өлчөмүн бекитүү жөнүндө». чечим.
  5. «Евразиялык экономикалык биримдиктин органдарында төрагалык кылуу жөнүндө» чечим.
  6. «Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын убактысы жана орду жөнүндө» тескеме.
  7. «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик башкаруу секторунун карызынын деңгээлин төмөндөтүү боюнча биргелешкен чаралар жөнүндө» чечим.

Пикир

Оставить комментарий