• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Кыргызстанга ЮНЕСКОнун башкы директору Одри Азуле келет

Коом 0

Бишкек, 08.06.23./Кабар/. Кыргызстанга ЮНЕСКОнун башкы директору Одри Азуле келет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал иш сапарынын алкагында эртең, 9-июнда Улуттук тарых музейинде ЮНЕСКОнун тизмесине кирген адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын Репрезентативдүү тизмесине кирген "Көк бөрү – салттуу ат оюну" (2017-жыл), "Ак-калпак жасоо боюнча салттуу билимдер жана ыкмалар" (2019-ж), Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: мурастын кайра жаралуусу, маданий көп түрдүүлүктүн майрамы (2021-жыл) багыттары боюнча сертификаттарды расмий тапшырат.

Салтанаттуу иш-чарада буга чейин ЮНЕСКОнун тизмесине кирген адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын Репрезентативдүү тизмесине кирген материалдык эмес маданий мурастардан турган композициялык көргөзмө сунушталат.

Аталган иш- чара "Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо жөнүндө" эл аралык Конвенциянын кабыл алынышынын 20 жылдыгына карата өтөт.

Иш-чара КР Улуттук тарых музейинде саат 11:00 башталат.

Пикир

Оставить комментарий