• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Кыргызстанга Казакстандан тоок этин мыйзамсыз алып кирүү аракети токтотулду

Экономика 0


Бишкек, 10.10.24. /Кабар/. Кыргызстанга Казакстандан тоок этин мыйзамсыз алып кирүү аракети токтотулду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

"Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү пунктунда Казакстандан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз жол менен алынып келе жаткан 36 миң кг өлчөмүндөгү тооктун эти инспекторлор тарабынан атайын текшерүүдө ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптарын бузгандыгы аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында "Ак-Тилек" чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк Казакстанга "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу артка кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий