• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Кыргызстанга мыйзамсыз алынып келген 9 оң рулдуу унаа кармалды

Коом 0

Бишкек, 23.07.20. /Кабар/. Кыргызстанга мыйзамсыз алынып келген 9 оң рулдуу унаа кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан (Каржы полициясы) билдиришти.

Каржы полициясынын Жайыл жана Панфилов району боюнча аймактар аралык бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан "Чалдыбар - унаа жолу" көзөмөл бекетинде үч жүк ташуучу унаа кармалган: "Рено Премиум", "Вольво FH12" жана "Вольво FH13". Ал унаалардын чиркөөсүндө оң рулдуу үчтөн унаа болгон.

Ошол эле учурда документтерде жүк ташуучу унааларда унаа тетиктери алынып келе жатканы жазылган.

Каржы полициясынын Чүй облусу боюнча тергөө бөлүмү тарабынан ал унаалар Японияда өндүрүлгөнү, эч кандай бузугу жок экенин аныкталган.

1998-жылдын 20-апрелиндеги "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы тууралуу" мыйзамынын 21-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык коммуналдык чарба, айыл чарба, жол куруу арналган жана КР өкмөтү тарабынан белгиленүүчү унаа каражаттарынан тышкары оң рулдуу унааларды каттоо, Кыргыз Республикасынын аймагында жол кыймылында пайдалануу үчүн ташып келүүгө тыюу салынат.

Пикир

Оставить комментарий