• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Кыргызстанга мыйзамсыз түрдө эмерек жасоочу жабдыкты киргизүүгө аракет кылган тажикстандык жаран кармалды

Аймак 0

Бишкек, 17.07.19. /Кабар/. Кыргызстанга мыйзамсыз түрдө эмерек жасоочу жабдыкты киргизүүгө аракет кылган тажикстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ММК менен байланыш кызматы билдирди.

Чек ара кызматынан белгилешкендей, ал жаранды Лейлек чек ара бөлүмүнүн жана Бажы кызматынын кызматкерлери биргеликте колго түшүрүшкөн.

Белгилүү болгондой, Тажикстандын 35 жаштагы Н.А. аттуу жараны “Мercedes Sprinter” унаасы менен чек ара көзөмөлүнөн сырткары өтүүгө аракет кылып, кармалган. Анын унаасында эмерек жасоочу жабдык болгон.

Ал жаран алып бара жаткан жүктүн тиешелүү документтери болгон эмес.

Тиешелүү протоколдор толтурулгандан кийин кармалган жаран менен жүк Бажы кызматынын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий