• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Отурумда тушкү танапис жарыяланды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.07.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча ишти кароо боюнча кезектеги отурум уланууда. Сотто судья Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Учурда күбөлөрдөн сурак алуу уланууда. Суракка учурда “Электр станциялар” ишканасынын долбоордук-конструктордук бюросунун жетекчиси Улан Жумакадыров чакырылган. Анын айтымы боюнча, модернизация боюнча биринчи сүйлөшүүлөргө ал катышкан эмес.

“Менин ишиндин маңызы – мага тиешелүү учурларга виза чаптоо. ТВЕА компаниясы менен баары жакшы болуп, эч кандай нааразычылык болгон эмес”, - деди Жумакадыров.

Соттук отурумда танапис жарыяланды.

Эске сала кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий