Бишкек, 21.09.22. /Кабар/. Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келген кондиционерлер аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрүү пунктунун жанындагы товарларды эсепке алуу пунктунда жалпы суммасы 1,4 млн сомдук GREE маркасындагы 34 даана кондиционерди ташып бара жаткан унаа кармалган.
"Импорттоочунун коштомо кагазында бул товар белгиленген эмес", - деп белгилешти ведомстводон.
Бузуулар боюнча мыйзамга ылайык, материалдар андан аркы чараларды көрүү үчүн прокуратура органына өткөрүп берилди.
Пикир
Оставить комментарий